super.kg logo

"Тирүү калышын каалайм". Трамп TikTok'ту бөгөттөгүсү келбей турганын айтты.

 

АКШнын президенти Дональд Трамп TikTok социалдык тармагын бөгөттөөнү каалабай турганын айтып, платформаны сатуу боюнча келишим түзүлөт деген ишенимин билдирди. Бул тууралуу ал Ак үйдө журналисттерге билдиргенин ТААС агенттиги жазды.

"Биз TikTok'тун үстүнөн иштеп жатабыз. Бизде потенциалдуу сатып алуучулар көп", - деген ал.

Трамп анын администрациясы бул маселе боюнча Кытай менен байланышта экенин белгилеп, "мен TikTok'тун тирүү калышын каалайм" деп айткан.

"TikTok абдан кызыктуу жана аны сатып алууну каалагандар көп. TikTok боюнча келишим түзүлөт", - деп жыйынтыктаган америкалык лидер.

Эске салсак, АКШда аталган платформа Трамптын инаугурациясына чейин бөгөттөлгөн. Буга кызматтан кетип жаткан Жо Байден тиркемеге тыюу салуу чечимине кол койгону себеп болгон. Ал эми Дональд Трамп кызматка киришери менен TikTok'ко каршы мыйзамдын аткарылышын жылдыруу буйругун чыгарган. Мындан улам платформа Кошмо Штаттарда ишмердүүлүгүн улантып жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: