super.kg logo

Кыргызстанда күчү 4,3 баллга жеткен жер титирөө катталды

 

Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 4,3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, эпицентр Ысык-Ата районунун Юрьевка айылына жакын жерде жайгашкан. Жер титирөө болжол менен саат 13:25те катталган.

Белгилей өтсөк, 28-мартта саат 04:42де Казакстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Талас облусунун Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 6 балл, Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга чейин сезилген.

Ал эми ошол эле күнү саат 16:56да Талас облусунун аймагында экинчи ирет жер титирөө болгону маалымдалган. Анда Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3,5 баллга чейин сезилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: