Каныбек Туманбаев: "Өлкөдө жарандык паспорттордун дизайны өзгөрөт"

Өлкөдө жеке паспорттор жаңы дизайн менен басылып чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта журналисттерге маек берип жатып президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, эми техникалык паспорттор карта түрүндө болуп, өлкөдөн чыгарыла баштайт.
“Азыркы паспортто голограммалары жакшы камтылбай калган. Жаңы паспорттун дизайнын 10-апрелде презентация кылып беребиз. Бул жеке документ болгондуктан, коопсуздугу дагы жакшы каралышы керек. Буга чейин техникалык паспорттор кагаз түрүндө болчу, эми алар жеке паспорттун ичинде болот.
Ал эми биздин айдоочулук күбөлүк учурда Алматы шаарында басылып келет. Эми мына өзүбүздүн "Учкун" басылмасынан чыгат”, - деди ал.
Өлкөдө жарандык паспорттордун дизайны өзгөрөт
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.