super.kg logo

Кара-Сууда 15 жаштагы өспүрүм асынган абалда табылды

 

Ош облусунун Баш-Булак айылында 15 жаштагы өспүрүм асынып каза болду. Бул туурасында Ош ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, окуя 29-мартта катталып, милицияга 2009-жылы туулган М.А. аттуу айылдын тургуну асынып каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

"Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуя боюнча күбөлөр суралып, маркумдун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, эч кандай жаракаттар байкалган эмес. Маркумдун ата-энеси жана жакын туугандары эч кимге арыз-доосу жоктугун билдиришип, соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан. Маркум Ош шаарындагы коллеждин студенти болгон", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: