super.kg logo
  Саясат  

"Аял эмес". Депутат Таштанбеков министрдин орун басарынан "баланс" сөзүнүн чечмеленишин сурады (видео)

 

Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков каналдарды каттоого алуу керектигин айтты.

Жыйында ал суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиевге "сизге кызматтык күбөлүктү ким берет?" деп суроо узатты. Ал өкмөт башчы берерин айтты. Анда эл өкүл күбөлүгү жок иш жүргүзгөндөр "мошенник" деп аталарын айтып, тактоо киргизди.

Андан соң сөзүн улаган Таштанбеков министрдин орун басарынан "баланс" деген сөздүн чечмеленишин сурады. Керималиев "карамакка алабыз" деп которуларын билдирди.

"Мындайча айтканда, бул деген официалдуу аял эмес, "любовница" деген сөз да. Демек, эгерде Айыл чарба министрлиги башынан каналдарды өзүнө каттабаса, "мошенник" экен да. Бүгүн каналдын баары ээсиз. Илгеркидей "тээ коктунун ичиндеги менин жерим, коктудан ары сеники" дегендей эле болуп жатасыңар. Мамлекеттик каттоого ошонун баарын каттоо керек, чек аранын баарын аныкташ керек", - деди ал.






Акбөкөн Таштанбеков 31.03.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: