super.kg logo
  Саясат  

Худжандда Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттеринин үч тараптуу жолугушуусу болуп өттү

 

Бүгүн, 31-мартта Худжанд шаарында эл аралык Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чаралардын алдында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, алгач саламдашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи болуп, андан кийин лидерлер сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

Мамлекет башчылары регионалдык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, ынак коңшулук мамилелерди чыңдоонун, инфратүзүмдүк жана экономикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруунун, ошондой эле региондун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

“Кыргызстан келечекке чоң оптимизм менен карайт жана Борбор Азиядагы боордош мамлекеттер менен көп пландуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөйт”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ошондой эле өлкөлөр бүтүндөй региондун туруктуу өсүшүн жана гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылууга багытталган ири инфратүзүмдүк жана экономикалык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып жаткандыгын айтты.

Жапаров Ош, Худжанд, Анжиян шаарлары тарыхый борборлор гана эмес, көп кылымдык цивилизациянын, эң бай салттардын жана маданияттын символдору экенин эске салды. Буга байланыштуу ал Европадагы Шенген зонасына окшош региондун өлкөлөрү боюнча туристтердин эркин жүрүүсүн камсыз кыла турган бирдиктүү визаны киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: