super.kg logo

Каныбек Туманбаев: "Санариптешүүгө өткөндөн кийин өлкөдө коррупция жоюлат" 

 

Санариптешүүгө өткөндөн кийин өлкөдө коррупция толугу менен жок болот. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта журналисттерге маек берип жатып президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда санариптешүүгө толугу менен өтүү боюнча иштер жасалууда. Жакында бала төрөлгөндөн тарта мектепке киргенге чейинки бардык маалымат "Түндүк" тиркемесине жайгаштырылат.

"Команда санариптешүүгө өтүү боюнча толук иш алып барып жатат. Адамдарда бири-бири менен байланыш болбош керек. Санариптештирүүнү толугу менен аягына чыгара турган болсок, өлкөдө коррупциянын жоюлганын ачык айтсак болот.

Бизде бир эле нерсе бар, "Түндүк" тиркемесине катталуу керек. Бүгүнкү күндө анын ичинде 180ге жакын кызмат бар. Кийинчерээк бала төрөлгөндөн баштап, кайсы бала бакчага барды, кайсы мектепке кирди, бардык маалымат ушул жакка жайгаштырылат.

Мындан тышкары жеке паспортту жаныңда алып жүрүү кереги жок. "Түндүк" тиркемесинен силердин аты-жөнүңөр чыккандан кийин силердин паспортторду талап кылбайт", - деди Туманбаев.






Каныбек Туманбаев

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: