super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге кол коюлду

 

Бүгүн, 31-мартта Худжанд шаарында Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимине жана Худжанд декларациясына кол коюлду. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев катышты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, мамлекет башчылары бул документтерге кол коюу өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн урматтоону символдоштурарын, ошондой эле Борбор Азияда конструктивдүү диалогдун жана натыйжалуу кызматташтыктын үлгүсү катары кызмат кыларын баса белгилешти. Жетишилген макулдашуулар өз ара ишенимди бекемдөө, туруктуулукту сактоо жана региондогу интеграциялык процесстерди өнүктүрүү үчүн жаңы перспективаларды ача тургандыгы кошумчаланган.

Өлкө башчылары үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен чекитте орнотулган символикалык стеланын ачылыш аземине катышты. Салтанаттуу иш-чара Худжанд шаарынан видеоконференция байланышы форматында өттү.

Аземдин жүрүшүндө мамлекет башчылары бир эле учурда атайын тирегич тактага орнотулган баскычты басышты. Андан соң Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, ошондой эле Тажикстан жана Өзбекстандын премьер-министрлеринин орун басарлары лентаны кесип, стеланы расмий ачышты.

Стела элдердин достугун чагылдырып, чек ара маселелери биротоло чечилгенден кийин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын, ишенимдин жана ынак коңшулуктун жаңы доорун билдире тургандыгы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: