super.kg logo
  Саясат  

"Жолобойбуз". Алмамбет Шыкмаматов "Дордойго" пилоттук долбоор киргизилип жатканын айтты

 

Президенттин жарлыгы менен "Дордой" базарын пилоттук долбоорго киргиздик. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта салык кызматынын төрагасы Алмамбек Шыкмаматов Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал эми салыкты базар администрациясы чогултуп каларын айтты.

"Пилоттук долбоордун мааниси боюнча, биз, Салык кызматы "Дордойго" такыр барбайбыз, жолобойбуз. Салыкты базар өзү чогултуп берет. Анткени базар баары бир светке, кароолго, тазалаганына акча алат. Алар ким эмне менен алек, бизден жакшы билет. "Дордойдо" 12 базар бар экен. Баары ушул системага макул болуп жатышат", - деди ал.

Шыкмаматов долбоор жемишин берсе, анда буга "Кара-Суу", "Мадина" базарлары да кошуларын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: