Мьянмада жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2 миңден ашты
Мьянмада катталган жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2 миңден ашканын "Синьхуа" басылмасы өлкө бийлигине таянып жазды.
Маалым болгондой, жаратылыш кырсыгынан 3900дөй адам жаракат алып, дагы 270ке жакын адам дайынсыз болуп жатат.
"Жума күнкү жер титирөөдөн каза болгондордун саны Мьянмада 2056га жетти, 3900дөй киши жарадар болуп, 270тейи дайынсыз болууда", - деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин табигый кырсыктан 1700гө жакын адам көз жумганы айтылган.
Белгилей кетсек, 28-мартта Мьянмада күчү эпицентринде биринчисинде 7,7, ал эми экинчи ирет 6,4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен тарыхый имараттар жарым-жартылай талкаланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.