Түрк ырчысы Волкан Конак сахнада эсин жоготуп каза болду
Белгилүү түрк ырчысы Волкан Конак концерт учурунда эс-учун жоготуп, ооруканада каза болду. Бул тууралу чет өлкөлүк маалымат агенттиктери жазышууда.
Маалым болгондой, окуя кечээ, 30-мартта Кипрдеги концерт учурунда болгон. Алгач Конакка көрүүчүлөр жардам көрсөтүүгө аракет кылышкан, андан кийин ал ооруканага жеткирилген. Анын өлүмүнүн себеби айтылган эмес.
58 жаштагы Конак өзүнүн алгачкы альбомун 1989-жылы жаздырган. Анын "Cerrahpaşa" ыры чоң ийгилик алып келген. Ал эми 2006-жылы чыккан Mora альбому Түркиянын музыкалык продюсерлер ассоциациясы MÜ-YAP тарабынан алтын медаль менен сыйланган.
Ырчыны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2-апрелде кичи мекени Түркиянын Макка шаарында өтөрү кабарланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.