super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Худжандда Нооруз майрамына арналган иш-чарага катышты (сүрөт)

 

Бүгүн, 31-мартта Тажикстандын Худжанд шаарынын борбордук стадионунда Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар болуп өттү.

Анын алкагында президент Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев сөз сүйлөдү.

Садыр Жапаров Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанды географиялык абалы гана эмес, жалпы тарыхы, руханий салттары жана эң негизгиси - жалпы келечеги да байланыштырып турганын айтты. Ошондой эле ал чек ара маселелерин жөнгө салуу акыркы жылдардагы негизги жетишкендиктердин бири болгонуна басым жасады.

“Биздин элибиз бейпил турмушта жана ынтымакта жашап, жаратман эмгек менен алектенип, келечекке пландарды түзө алышат. Бул контекстте жаңыланууну, тынчтыкты жана биримдикти символдоштурган Ноорузду чогуу майрамдоо өзгөчө мааниге ээ”, - деди Жапаров.

Президенттин администрациясы билдиргендей, расмий бөлүктөн кийин Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын маданият жана искусство ишмерлеринин катышуусунда салтанат концерт менен уланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: