WhatsApp көп убакыт колдонулбаган аккаунттарды өчүрөт
WhatsApp мессенжери 120 күндөн ашык убакыттан бери колдонулбай келген аккаунттарды өчүрө баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аккаунт өчүрүлгөндө андагы маалыматтардын баары жокко чыгарылат. Ал эми WhatsApp мессенжерди сактап калууну каалагандар: кимдир бирөөгө билдирүү калтырып, чалуу жасап же профилдеги сүрөттү өзгөртүп коюусу керек. Бул аталган мессенжери көп убакыттан бери колдонбой келгендерге тиешелүү.
Эксперттердин айтымында, активдүү эмес аккаунттарды көбүнчө шылуундар колдонуп келет.
Белгилей кетсек, буга чейин WhatsApp мессенжеринде жакында жаңы функциялар киргизиле турганы айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.