super.kg logo

Бишкекте көк майсанга унаа токтоткондорго катуу чаралар көрүлүүдө

 
Бишкекте муниципалдык инспеция көк майсанга (газон) унаа токтоткондорго чара көрүп, айып пул салууда. Бул туурасында бүгүн, 1-апрелде мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, жыл башынан бери 102 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 664 миң 500 сомду түзгөн айып пул салынган. Фактылар күнүмдүк рейддердин жүрүшүндө жана тиешелүү жарандар тарабынан жөнөтүлгөн арыздар аркылуу аныкталууда.
"Жашыл аймактарга унаа токтотууга жол бербөө максатында ​​инспекторлор газондорду кызыл тасма менен курчаган. Мындан тышкары жашыл аймактарды «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери калыбына келтирүүдө. Мындай аракеттерге карабастан, айдоочулар учурдагы мыйзамдарды бузуп келишет", - деп айтылат маалыматта.
Рейддер кайгуул кызматы менен биргеликте ишке ашып жаткандыгы кошумчаланган. Ал эми эреже бузган жеке жактарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып пул каралган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: