super.kg logo
  Саясат  

Депутат Масалиев Айтматов проспектисин реконструкциялоодо компенсация төлөнүшү керектигин айтты

 

Бүгүн, 1-апрелдеги Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Исхак Масалиев Айтматов проспектисин реконструкциялоодо курулуштарды мыйзамдуу бузуу керектигин билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, Киргизия-1 жана Киргизия-2 жаңы конуштарынын тургундарынан Бишкек мэриясынын мыйзамсыз аракеттери боюнча кайрылуу түшкөн.

"Мага Киргизия-1,2 жаңы конуштарынын тургундарынан мэриянын мыйзамсыз аракеттери боюнча кайрылуу келип түштү. Жол кеңейтилсин десе, мэр менен президенттин иш башкармалыгы чуркап барып баарын талкалап жатат. Курулуш болуш керек, бирок мыйзам жолу менен. Мүлктү тартып алган болсо деле, соттун чечими болуш керек да. 1970-жылдардагы мыйзамга таянып, анда "чечим алты айдан кийин күчүн жоготот" деген бар экен, аны карабастан баарын талкалап жатышат. Биз бул боюнча Башкы прокуратурага кайрылсак.

Шаарды өнүктүү, аны кооз кылуу керек, бирок туура жол менен кылсак оң болмок. Компенсация, дагы башка жолдору бар. "Мен өзүмө үй салып жатамбы?" дегенден алыс болуш керек да. Кандай десек деле мамлекеттик бюджет элдин чөнтөгүнөн чыккан акча", - деди депутат.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин администрациясы Бишкек шаарындагы Айтматов проспектиси реконструкциядан өтүп, алты тилкелүү болуп өзгөрө турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: