super.kg logo

Милиция прокуратуранын алдында өзүнө өрт койгон адам боюнча билдирүү жасады

 

Бишкектеги Башкы прокуратуранын алдында өзүнө өрт койгон жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылышына нааразы болгон. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, окуя кечээ, 31-март күнү болгон. Анда Башкы прокуратуранын имаратынын маңдайында жайгашкан унаа токтотуучу жайда славян улутундагы адам өзүн-өзү өрттөгөн.

"Ушул эле күнү аталган факт каттоого алынган. Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө өзүн-өзү өрттөгөн 1960-жылы туулган Ф.И. аттуу жаран тарабынан жасалгандыгы аныкталган. Окуяга анын Чүй облусунун Москва районунун ички иштер бөлүмү тарабынан алдамчылык фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартылышы себеп болгон", - деп билдиришти Октябрь РИИБден.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши тергелип бүтүп, айыптоонун корутундусун бекитүү жана маңызы боюнча кароо үчүн райондук сотко өткөрүп берүү үчүн Москва районунун прокуратурасына жөнөтүлгөн.

"Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп, анын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечим кабыл алынат", - деп кошумчалашты райондук милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: