Чет элдик номурдагы унааларды мыйзамдаштыруу башталды
Өлкөгө мыйзамсыз ташылып келген деген оң рулдуу унаалардын айрым категорияларын мыйзамдаштыруунун убактылуу тартиби бекитилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдагандай, тиешелүү токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгон. Кабыл алынган токтом боюнча мыйзамдаштыруу иштери 1-апрелден 1-октябрга чейин жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, мыйзамсыз ташылып келген унаалар этап-этабы менен легалдаштырылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.