super.kg logo

УКМК 5 мамлекеттик кызматкерди жана 1 жаранды кармады

 

Салык кызматынын 4, Транспорт министрлигинин 1 кызматкери жана 1 жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат алар өлкөгө ташылып келген помело, манго, маракуя, көк карагат, апельсин жемиштерине тиешелүү документтерди жасалмалап, товардык аттарын өзгөртүп алма катары көрсөтүшкөнүн аныктаган. Кызматкерлер бул кызматы үчүн акы алып келишкени белгилүү болгон.

Ошондой эле алар Чүй облусунда жайгашкан "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайынан ЕАЭБ товарларын эсепке алуунун пункттары аркылуу товарлардын көлөмүн төмөндөтүү менен алектенишкен.

УКМК кармалгандар Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынганын, учурда аталган жемкорлуктун айынан өлкө казынасына келтирилген зыяндын өлчөмүн жана бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: