super.kg logo

"Героин сайып өлтүрүп". Женгонун буйрутмасы менен 10 жыл мурун жасалган кылмыштын бети ачылды

 

Женго каймана аттуу Кадыр Досоновдун буюртмасы боюнча жасалган он жыл мурдагы киши өлтүрүүнүн бети ачылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, жакында эле УКМК тарабынан 2015-жылдын 7-августунда Ош шаарынын тергөө абагында, Ош облусунун Кара-Суу районунун 1980-жылы туулган А.З.А. аттуу жаранды өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

"Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде, бул киши өлтүрүүнүн буюртмачысы болуп Женго каймана аты менен белгилүү болгон Кадыр Досонов экендиги, ошондой эле өлтүрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну экени, ал маркум Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун курамында болгондугу аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө Кадыр Досонов менен А.З.А.нын ортосунда жеке кастык мамилелер болгондугу, буга Кадыр Досоновдун "общак" деп аталган кылмыштуу шериктештиктин жалпы каражаттарынан акча өздөштүрүп алгандыгы тууралуу, маркум А.З.А.нын маалыматы бар экендиги себеп болгондугу такталган.

А.З.А.нын К.Досонов тарабынан кылмыштуу чөйрөнүн жүрүм-турум эрежелерине каршы акча уурдаганы тууралуу маалыматты Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жеткирүү ниетинен улам Досонов өзүнүн кол астындагыларга аны өлтүрүүгө буйрук берген.

Ошентип 2015-жылдын 7-августунда соттолгон Жалал-Абад облусунун тургундары 1986-жылы туулган А.Р.Ш., 1986-жылы туулган Ю.Б.Н. жана Ош облусунун тургуну 1986-жылы туулган Д.А.Д. К.Досоновдун буйругу менен А.З.А.га күч колдонуп, анын тамырына өлүмгө алып келүүчү көлөмдө героин баңгизатын сайып, натыйжада ал ошол жерден каза болгон", - деп билдиришти УКМКдан.

Азыркы учурда тергөө тарабынан бул кылмышка пенитенциардык тутумдун кызмат адамдарынын катыштыгы да текшерилип жатат, анткени 2015-жылдан бери А.З.А.нын өлүм себеби иш жүзүндө бекетилип келген жана өлүмгө баңгизаттарды ашыкча колдонуу себеп болгон деп гана саналган.

"Баналдык уурулук фактыларын жашыруу максатында К.Досонов эч ойлонбостон жердешинин өлүмүнө буйрук берген. Андыктан бул кылмыштын мотивинин кынтыксыздыгына өзгөчө көңүл бурулат. Учурда аталган кылмыш иши боюнча кылмыш жасоого тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар комплекси жүргүзүлүп жатат, бул тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилет", - деп кошумчалашты УКМКдан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: