super.kg logo

Мэрия Бишкекте калган троллейбустар эмне болорун айтты

 

Бишкекте калган 42 даана троллейбусту электробуска өткөрүп, каттамга чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелдеги Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда пилоттук түрдө 1 троллейбус жасалып, 10 күндүн ичинде каттамга чыгат.

"Бишкек шаарынын мэриясына Ош менен Нарын шаарынын мэриясы кат түрүндө кайрылышкан. Ошол каттын жана шаардык кеңештин чечиминин негизинде Ош шаарына 100 троллейбус, Нарын шаарына 6 троллейбус бөлүп бергенбиз. Бизде 42 даана троллейбус калган, аларды учурда электробуска өткөрүүнү пландап жатабыз. Азыр пилоттук түрдө бирди жасап көрүп, 10 күндүн ичинде чыгарабыз. Бизге адистер айтышты, жасоого мүмкүн деп", - деди Бейшенбаев.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек мэриясы борбор калаадагы бардык троллейбустарды каттамдан алып, ордуна электробустарды линияга чыгарган болчу.

Ал эми Бишкек шаарынын административдик соту Бишкек мэриясынын троллейбустук байланыш түйүндөрүн демонтаждоо боюнча аракеттерин мыйзамдуу деп тапкан.

Мэрия Бишкектен троллейбустардын байланыш түйүндөрүн демонтаждоо жана троллейбустарды өткөрүп берүү бир нече себептерден улам болгонун айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: