super.kg logo
  Саясат  

"Кыргыздын Илон Маскы болуңуз". Балбак Түлөбаев министрден миллиардердин тажрыйбасын эске алууну суранды (видео)

 

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Азамат Жамангуловду санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов өлкө башчысынын жарлыгы менен Санариптик өнүктүрүү министрилигинин аты өзгөртүлгөнүн белгилеп, ага байланыштуу министр Жамангуловдун талапкерлиги аталышы жаңыртылган министрликтин жетекчисине сунушталып жатканын билдирди.

Депутат Балбак Түлөбаев америкалык миллиардер Илон Масктын жемкорлук менен күрөшүп жатканын белгилеп, Жамангуловдон да ошондой жыйынтык күтөрүн айтты.

"Бүгүн эртең менен келе жатып Илон Масктын маегин окудум. "Биз санариптештирүү боюнча Американын 518 уюумун текшерип, 1 триллионго жакын доллар үнөмдөйбүз" дейт. "6-8 жаштагы балдарга, 114 жаштагыларга насыя бере беришкен" деп айтып жатат. "Санариптештирүү жолу менен коррупциялык нерселерди жок кылып жатабыз" дейт.

Сизден кыргыздын Илон Маскы болушуңузду суранам, өтүнөм. Сиз дагы ошол мамлекеттик бүткүл органдарга кирип, кемчиликтердин баарын карап чыгышыңыз керек. Коррупция менен күрөшүүнүн бирден-бир жолу – санариптештирүү. Мурда ким бийликте отурса айыптарды тааныштар аркылуу чечип койчу, азыр андай эмес да. Сен депутатсыңбы, министрсиңби карабайт, баары бир айыпты төлөшүң керек болот. Ушундай системаны өлкөгө киргизсеңиз, анда сиздин атыңыз тарыхта калат", - деди ал.

Жыйынтыгында депутаттар анын талапкерлигин колдошту.






Балбак Түлөбаев 01.04.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: