super.kg logo

Новопавловкада жигитти бычактап кеткен үч шектүү кармалды

 

Бишкектин Новопавловка айылынын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан чайханалардын биринде бир жигитти сабап, бычактап кеткен үч шектүү кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, каргашалуу окуя кечээ, 31-мартта саат 19:30 чамасында катталган. Анда белгисиз үч жигит 1997-жылы туулган Н.Б., аттуу жаранга бычак менен бир нече жолу денесине жаракат келтирип, качып кетишкендиги айтылган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122 беренеси (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш чараларынын жыйынтыгында, УКМКнын жана борбордук милициянын кызматкерлери менен биргеликте, 1995-жылы туулган Ч.Э., 1995-жылы туулган М.Н., 1992-жылы туулган А.Б., аттуу шектүүлөр аныкталып, кармалды. Учурда убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, жыйынтыгы менен шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттерине карата мыйзам чегинде юридикалык баа бериле тургандыгы кошумчаланган.

Тергөө иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: