super.kg logo

Илон Маск Ак үйдөн кетиши мүмкүн

 

Америкалык миллиардер, SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск жакынкы убакта мамлекеттик кызматтан кетип, кайрадан өзүнүн компанияларын башкарууга кайтып келиши мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазышты.

"Менимче, ал укмуштуудай адам, бирок ошол эле учурда чоң компанияны башкарууга тийиш. Бир кезде ага кайтууга туура келет. Ал өзү да ушуну каалап жатат. Мен аны мүмкүн болушунча кармоого аракет кылам", – деген Трамп.

Трамптын администрациясынын атайын кеңешчиси болуп дайындалган Маск АКШнын федералдык бюджетинин тартыштыгын азайтуу боюнча иштерди жетектеп жатат. Ал сунуштаган чыгымдарды кыскартуу чаралары, анын ичинде мамлекеттик мекемелердеги кызматкерлердин санын азайтуу, айрымдар тарабынан колдоого алынса, кээ бирөөлөр тарабынан сынга алынууда.

Масктын мамлекеттик кызматтагы мөөнөтү 130 күндү түзүп, май айынын аягында аяктайт. Ак үйдүн кызматкерлеринин бири буга чейин Маск Трамп менен ишин улантышы мүмкүн деп болжолдогон.

Белгилей кетсек, Дональд Трамп Илон Маск менен Вивек Рамасвами 2024-жылдын ноябрь айында АКШ өкмөтүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча министрликти жетектей турганын жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: