"Бир алтын, бир коло". Кыргыз балбандары Азия чемпиондугунан келишти (фото)




Бүгүн, 2-апрель күнү эркин күрөш боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөлөрү Иорданиянын Амман шаарында өткөн Азия чемпиондугунан кайтып келишти.
Балбандарды "Манас" Эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов жана туугандары тосуп алышты.
Эске салсак, Азия чемпиондугуна 70 килограмм салмакта катышкан Эрназар Акматалиев алтын медалга жана 74 килограмм салмак категориясында Орозобек Токтомамбетов коло медалга ээ болушкан.
Улуттук курам башкы машыктыруучу Азат Мирахимов, улук машыктыруучулар Эламан Догдурбек уулу жана Илгиз Жакыпбековдун (U-23) жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.