super.kg logo

Курскта Чеченстандын "Ахмат" спецназын украиналыктар миномёт менен аткылашты

 

Чеченстандын "Ахмат" атайын күчтөрүнүн эвакуациялоочу тобуна Курск аймагында Украинанын куралдуу күчтөрүнүн пилотсуз учактары жана миномётторунан чабуул жасалды. Бул тууралуу атайын күчтөрдүн командири Апти Алаудинов өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Анын айтымында, жарадар болгон жоокерди унаа менен ооруканага бара жатканда мина жарылган. Аскер кызматкерлери унааны таштап, жакынкы токойго качып киришкен. Андан кийин аларга Украинанын учкучсуз учактары чабуул жасаган.

"Согушкерлер душмандын эки FPV учкучсуз учагын ок атуучу курал менен атып түшүрүштү. Биздин жоокерлер так атып жатканын түшүнгөн душман 120 миллиметр артиллерияны жигердүү колдонду. Бирок миномёттун снаряддары бутага жеткен жок", - деп жазды ал.

"Ахматтын" атайын тобу ал жерден дагы аман-эсен чыгып, жарадарларды ооруканага жеткиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: