Түптө миллиондогон сомдук жер мамлекетке кайтарылды
Ысык-Көл облусунун Түп районунда 29 гектардан ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
"Ысык-Көл облусунун Түп районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Түп айыл өкмөтүндөгү 29,8 гектар айыл чарба багытындагы жер тилке жеке жактардын менчигине мыйзамсыз түрдө өткөрүлгөндүгү аныкталган.
Текшерүүнүн натыйжасында, райондук прокуратура тарабынан баасы 13 миллион 82 миң сомду түзгөн 29.8 гектар жер тилке мамлекетке кайтарылды", - деп билдиришти прокуратурадан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:17
2025-06-13

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.