super.kg logo

"Бул кырсык да". Балбак Түлөбаев көк бөрү оюну улана бериши керектигин айтты

 

Өлкөдө токтотулган көк бөрү оюнун кайрадан улантуу керек. Мындай пикирин депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин бүгүн, 2-апрелдеги жыйынында айтты.

"Көк бөрү кыргыздын улуттук оюндарынын бири. Бул оюн биздин сыймыгыбыз. Ар бир спортто кырсык болот, адам каза болот. Көк бөрүдө баягы күнү кырсык болуп, жаткан жери жайлуу болсун, бир жараныбыз өтүп кетти. Анын айынан ошол жердеги машыктыруучуну, ат менен келип сүзгөн баланы да камап салышты. Эми бул кырсык да.

Анан эми көк бөрү оюнун жок кылганга аракет кылган күчтөр дагы бар. Буга жол бербешибиз керек. Болгону оюндун эрежесин иретке салып, ошону менен уланта беришибиз керек. Көк бөрүнү кылымдардан бери ата-бабабыз ойноп келе жаткан. Эми бир кырсыктын айынан жок кылып алабызбы. Мындай өлүм бардык эле спортто бар", - деди Түлөбаев.

Ал күнөөлүүлөрдү жазалап, бул оюнду уланта берүү керектигин кошумчалады.

Эске салсак, Нооруз кубогунун алкагында өтүп жаткан мелдеште 12-мартта "Бөрүлү" менен "Бүркүт" командалары беттешинде улакчылар кагышып, бир адам каза болгон. "Бөрүлү" командасынын капитаны Мирлан Сраждинов оюн учурунда катуу соккудан улам эс-учун жоготуп, ооруканага жетпей каза тапкан.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, атаандаш команданын оюнчусу менен оюн учурунда калыстык кылган судья кармалган.

Мирлан Сраждиновдун сөөгү 14-мартта Сокулук районунун Төш-Булак айылында жерге берилди.

13-14-март күндөрү Көк бөрү федерациясында аза күтүү күнү деп жарыяланып, оюндар 15-мартта уланары айтылган. Бирок Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги көк бөрү боюнча Нооруз-2025 республикалык турнири өткөрүлбөй турганын билдирген.






Балбак Түлөбаев көк бөрү оюну уланышы керектигин айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: