Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин имаратына киргизилбей жатат (видео)
Мандатынан ажыратылган Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун Жогорку Кеңештин имаратына кире албай жаткан видеосу тароодо.
Аны коопсуздук кызматкерлери киргизбей жатышканын жергиликтүү ЖМКлар жазууда.
"Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы административдик сотко доо арыз менен кайрылгам. Алар да арызды кабыл алгылары келген жок, бирок биз аларды кабыл алууга көндүрө алдык. Мен соттолгон жокмун, мыйзамсыз түрдө мандатымдан ажыратылдым", - деген Айжигитов.
Айта кетсек, бүгүн, 2-апрелде Парламенттин жалпы жыйыны өтүп жатат.
БШК Айжигитовду 28-марттагы жыйынында мандатынан ажыраткан. Эл өкүлү чечим мыйзам бузуу менен кабыл алынганын белгилеп, каршы доо арыз менен Бишкектин административдик сотуна кайрылган.
Султанбай Айжигитов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Azat-123

02.04.2025. 11:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура эле чечим болду,
такыр жолотпогула
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.