super.kg logo
  Саясат  

"30 жыл армансыз иштетти". Советбек Рустамбек уулу Ноокаттагы менчиктештирилген бала бакчалар боюнча айтты (видео)

 

Бүгүн, 2-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Советбек Рустамбек уулу Ош облусунун Ноокат районундагы менчиктештирилип кеткен бала бакчалардын маселесине токтолуп, тийиштүү кызматтарга талабын койду.

Эл өкүлүнүн айтымында, Ноокат районунун борбордук аймактарында айрым менчикке өтүп кеткен жерлер, мүлктөр мамлекеттин балансына кайтарылганы менен, айыл жергесиндеги маселелер каралбай калып жатат.

"Бала бакча салайын десең, жер жок. Эски бала бакчалардын имараттары убагында менчикке берилип кеткен. Мындан тышкары кино клубдар, дүкөндөр, гектарлаган гараждын жерлери мыйзамсыз жеке жактарга өтүп кеткен. Ноокат районунда иштер жүргөнү менен айыл жергесинде каралбай калып жатат. Алмаз Акунжанович, тийиштүү кызматтарга тапшырма берсек! Эл күтүп жатат. Менчигине алгандар 30 жыл армансыз иштетишти, ал жерлерди 5-10 миңге эле сатып алышкан убагында. Өздөрү уялып деле тийиштүү кызматтарга кайтарып беришсе болот эле. Талапты кылбасак болбойт", - деп жыйынтыктады депутат.






Жогорку Кеңеш 02.04.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: