"Жазында берейинчи". Оштун мэри таң атпай алдынан чыккан балага убада кылган акчаны берди (видео)



Бүгүн, 2-апрелде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Озгур айылындагы жаш балага убадалаган акча каражатын берди. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, мэр аталган айылдын тургуну Бекбол Сулайманжановго 200 миң сом тапшырды.
Ал эми өспүрүм акчаны быйыл күздө эмес, жазда кайтарып бере тургандыгын билдирди.
Белгилей кетсек, Оштогу кезектеги таңкы рейдде мэр 13 жаштагы өспүрүмдү жолуктуруп, ага мал сатып алууга колдоо иретинде акча бөлүп берүүнү убада кылган. Анда калаа башчысы бир саан уйга жана 5 койго каражат берерин билдирген.
Оштун мэри таң атпай алдынан чыккан балага убада кылган акчаны берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.