"Коркутуп жатам". Депутат Таштанбеков Жапаров менен Ташиевдин сүрөтүн кимдерге көрсөтүп жатканын айтты (видео)
Бүгүн, 2-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков үч жылдан бери Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы каттоодон өтпөгөн социалдык объектилер боюнча документтерди чогултуп жүргөнүн билдирди.
Ошондой эле ал социалдык объекттерди убагында аткаминерлер өздөрүнө каттатып алган учурлар көп экенин белгилеп, аларды кайтарууда өзгөчө ыкма колдонгонун айтып берди.
"Мен барып туруп эки сүрөттү көрсөтүп жатам. Бири президенттики, аны көргөндө эле "бу кишини сыйлайбыз, өзүбүз эле өткөрүп беребиз" деп жатышат. Бири Камчыбек Ташиевдики. Ошентип коркутуп жатам. Алар болсо өз ыктыярлары менен өткөрүп берип жатышат", - деди ал.
Эл өкүлү эми мүлктөрдү мамлекеттин менчигине каттатууда көйгөйлөр болуп жатканын белгиледи.
Жогорку Кеңеш 02.04.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

