super.kg logo
  Саясат  

“Ош базарындагы” Жади аталган журналист иллюзиябы же чындыкпы? (видео)

 

Эсиңиздерде болсо, буга чейин Бишкектеги “Ош базарынын” тегерегинен боёнуп, ачык түстөгү көйнөктөрдү кийип жүргөн айым тууралуу репортаж сунуштаган элек.

Анда өзүн Айпери Осмонкулова деп тааныштырган айым порталыбызга тагдырын айтып берген эле. Андан соң көпчүлүк анын “мурун диктор, журналист болгом” деген сөзүнөн архивдеги видео, сүрөттөрүн сурашты.

Биздин чыгарылыш анын кесибине эмес, тагдырына көңүл буруу менен жардамга кол сунсак деген максатта тартылган. Видеонун астына каарманыбыз менен журналистика факультетинде чогуу окуган тайпалаштары, айылдаштары да жазышкан. Бул жолу биз айрым суроолорду тактап, каарманыбыздын ден соолугун калыбына келтирүүгө жардам берүүгө аракет кыла баштадык.

Репортажды толугу менен порталдын Ютуб каналынан көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: