Депутат Ноокатта окуучу кыз мугалим тарабынан зордукталганын билдирди
Бүгүн, 2-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова Ноокатта окуучу кыз мугалим тарабынан зордукталганын билдирди.
Эл өкүлү жыйында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевге кайрылып, окуяны тактап, ишти көзөмөлгө алууну суранды.
"Мен маалыматты так айтпайм, сиздер аныктап чыгыңыздар. Ноокат районунда бир окуучу мугалим тарабынан зордукталып, учурда кыз ооруканда. Ал эми шектүү камакта. Бул өтө жаман нерсе. Сиз ушул окуяны аныктап, мыйзам чегинде көзөмөлгө алыңыз", - деди эл өкүлү.
Депутат Ноокатта окуучу кыз мугалим тарабынан зордукталганын билдирди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

