super.kg logo

Эмгек министрлиги баатыр энелерге төлөм кантип жүргүзүлөрүн түшүндүрдү

 
Эмгек, социалдык камсыздоо министрлиги пенсия менен камсыз болууга укугу жок баатыр энелерге 55 жашка толгондо ай сайын социалдык жөлөк пул дайындоону жана төлөөнү жүзөгө ашырат.
Министрлик билдиргендей, бүгүнкү күндө ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдун өлчөмү 3 000 сомду түзөт. Ушул жылдын 1-мартына карата ай сайын жөлөк пул алган баатыр энелердин саны 114 адамды түздү.
"Бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда жашаган көп балалуу энелерди колдоо максатында Президенттин жарлыгы менен 2026-жылдын 1-январынан тартып төртүнчү жана андан кийинки балдарын төрөгөн көп балалуу энелерге балдардын ырааттуулугуна жараша 100 миң сомдон 2 миллион сомго чейинки өлчөмдө "Бала Береке" бир жолку төлөм белгиленген.
"Бала Береке" бир жолку төлөмү бала бир жашка чыкканда жүргүзүлөт" деп жазылат расмий маалыматта.
Маалымат үчүн: Пенсия курагына жеткенде ( 58 жашка толгондо) пенсиялык камсыздандырууга укуктуу баатыр энелер пенсиясын Социалдык фонду аркылуу алышат. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" өлкө мыйзамынын 13-беренесине ылайык "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелерге пенсия курагына жеткенде пенсияга кошумча 1000 сом өлчөмүндө төлөө каралган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: