super.kg logo

"Асман жабылды". Иран АКШ менен согушка даярданып жатканы айтылды

 

АКШ менен согушка даярданып жаткандыгына байланыштуу Иран аба мейкиндигин жапты. Бул тууралуу Mehr агенттиги өлкөнүн өкмөтүнө шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, Тегеран аба мейкиндигин жаап, ошондой эле бүт армиясын эң жогорку даярдыкка өткөрүп жатат. Агенттиктин айтымында, ирандык күчтөр окуялардын ар кандай өнүгүшүнө даяр.

Акыркы жуманын ичинде Инд океанындагы Диего-Гарсия аралындагы америкалык-британиялык аскер базасына алты стратегиялык В-2 бомбалоочу учактар алынып келинген. Бул учактар ​​жашыруун технологияга ээ жана эң оор америкалык бомбаларды жана өзөктүк куралды алып жүрүүгө жөндөмдүү.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп эгер Иран АКШ менен өзөктүк курал боюнча келишимге макул болбосо, өлкө "бомбалоого" туш болорун айткан.

31-мартта Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи анын өлкөсү АКШ менен Израилдин провокацияларына катуу жооп берерин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: