Израил Газа тилкесиндеги аскердик операцияларын кеңейтүүдө
Израилдин коргоо министри Исраэль Кац өлкөнүн Газа тилкесиндеги операцияларын кеңейткенин жарыялады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, анын негизги максаты – коопсуздук зоналарына кошула турган чоң аймакты басып алуу. Ошондой эле Кац тилкенин тургундарына ХАМАСты кулатууга жана барымтадагылардын баарын кайтарууга жардам берүүгө чакырган.
Кошумчалангандай, Израил Рафах шаарынын айрым бөлүктөрүндө операция жүргүзө баштаганын билдирди.
Белгилей кетсек, 18-мартта Израилдин коргоо күчтөрү Газада аскердик операцияларын кайра баштаганын жарыялаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.