super.kg logo

Мьянмада жер титирөөдөн беш күндөн кийин урандылардын астынан бир жигит тирүү табылды (видео)

 

Мьянманын борбор шаары Нейпьидодо жер титирөөдөн беш күн өткөндөн кийин бир адам мейманкананын урандыларынын астынан куткарылды. Бул тууралуу өлкөнүн өрткө каршы кызматы билдирди.

Куткаруучулар аман калган адамдын ден соолугунун абалы тууралуу так маалымат беришкен жок. Бирок таратылган видеого караганда, жигит олуттуу жаракат алган эмес.

Учурда дагы деле издөө-куткаруу иштери уланууда, бирок аман калгандарды табуу үмүтү азайып баратат.

Эске сала кетсек, 28-мартта Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен катуу жер титирөө болуп, өлкөнүн бүт аймагында жана коңшу мамлекеттерде кыйроолорго алып келген. Жер титирөөнүн очогу 1,5 миллион адам жашаган өлкөнүн экинчи чоң шаары Мандалайдан 17 чакырымдай алыстыкта ​​болгон.

Жер титирөө 2700дөн ашуун адамдын өмүрүн алды. Мьянмада 31-марттан 6-апрелге чейин улуттук аза күтүү жарыяланды.






Мьянмада урандылардын алдында калган жигит куткарылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: