super.kg logo
  Саясат  

"Уят го эми". Парламент төрагасы мамлекеттик кызматкердин аты-жөнүнө ачууланды (видео)

 

Бүгүн, 3-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында "Нотариалдык иштин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда.

Анда парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу мыйзам боюнча баяндамачылар менен чакырылгандардын аты-жөнүн окуп жатып, сот департаментинин директорунун орун басарынын фамилиясына нааразы болду.

"Ырыскулова Джылдыз Джакшылыковна. Джакшылыковна, ушу өзүңүз эле жакшынакай кылып кыргызчалатып албайсызбы, уят го эми. Сиз өзүңүз килейген департаменттин жетекчиси болсоңуз. Сиздин ата-энеңиз "Жылдыз" деп сонун ысым менен атаган экен. Эми ушуну Джылдыз деп окушум керекпи?" - деди ал.

Белгилей кетсек, төрага өзү да фамилиясын (Шакиевди – Тургунбек уулуна) өзгөрткөн. Тургунбек уулу кыргызстандыктар үчүн аты-жөнүн өзгөртүүдө тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири. Аталган мыйзам парламенттин 6-февралдагы жыйынында кабыл алынган.






Жогорку Кеңеш 03.04.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: