super.kg logo

Трамп соода балансынын бузулушуна байланыштуу АКШда өзгөчө кырдаал жарыялады 

 

АКШнын президенти Дональд Трамп соода балансынын бузулушуна байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилип жатканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Эки тараптуу соода мамилелеринде өз ара мамиленин жоктугу, пропорционалдуу эмес тарифтик ставкалар, тоскоолдуктар жана АКШнын соода өнөктөштөрүнүн экономикалык саясаты улуттук коопсуздукка жана экономикага өзгөчө коркунуч туудурат. Мен бул коркунучка байланыштуу улуттук өзгөчө кырдаалды жарыялайм", - деген Трамп.

АКШдагы соода тартыштыгы импорт менен экспорттун айырмачылыгынан улам болгон. Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылы өлкө экспортко караганда 1,2 триллион долларга көп товар импорттогон.

Белгилей кетсек, бүгүн, 3-апрелге караган түнү Дональд Трамп дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр үчүн бажы төлөмдөрүнүн тарифтерин жарыялады. Алардын катарында Кыргызстан да бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: