super.kg logo

Куандык Бишимбаевдин мурунку аялы алимент төлөнбөй жатканын билдирди 

 

Коңшу Казакстандын абакта жаткан мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаевдин мурунку жубайы Назым Кахарман Бишимбаевдин үй-бүлөсү алимент төлөбөй жатканын айтып чыкты. Бул тууралуу казак басылмасы Tengrinews.kz жазды.

Анда ал төлөмдөр кечиктирилип, алимент боюнча келишимде каралган айрым чыгымдар такыр төлөнбөй жатканын билдирген.

"Өткөн жылы эс алуу үчүн эч кандай акча төлөнгөн жок. Психологго көп жолу бардык, алардын акчасы дагы берилген жок. Мен Бишимбаевдин адвокатына төлөгөн сумманын баарын жөнөткөм, бирок алар көңүл бурушкан жок. Ал эми ден соолук жөнүндө айтпай эле коёюн, бир дагы дарыгерге же дарыга акча которушкан эмес. Төлөмдөр араң өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларынан баштап аздан түшө баштаган", - деген Назым Кахарман.

Ошондой эле ал алимент боюнча келишим 2020-жылы ажырашуу учурунда түзүлгөнүн жана Куандык Бишимбаев каржылык жоопкерчиликти көтөрүүгө даяр экенин билдиргенин айткан.

Назим Кахарман менен Куандык Бишимбаев 14 жыл расмий түрдө никеде болушкан. Жубайлар 2020-жылы үч балалуу болгондо эки жолго түшүшкөн.

Бишимбаев камакка алынгандан кийин 2024-жылдын май айында Назым Кахарман балдары Бишимбаев деген фамилиядан баш тартууну каалап жатканын билдирген.

Эске салсак, былтыр, 13-майда Астана шаарында жубайы Салтанат Нукенованы кыйнап, мыкаачылык менен өлтүргөн делген Куандык Бишимбаевдин резонанстуу иши боюнча соттук отурум аяктап, судья мурдагы министрди 24 жылга эркинен ажыраткан.

Бишимбаев Астанадагы СИЗОдон жазасын өтөп жаткан жерге которулган. Ал өндүрүштө жумушка орношсо, түрмөдө канча айлык ала алары дагы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: