super.kg logo

Мьянмадагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны дагы да өстү

 

Мьянмадагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 3085ке жеткенин чет элдик басылмалар өлкөнүн өкмөтүнө шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Акыркы маалыматтар боюнча, дагы 4,7 миң адам жарадар болуп, 341 адам дайынсыз жоголгондордун тизмесине кирген.

Буга чейин каза тапкандардын саны 2700гө жетип, 20 миң 719 адам жабыркаганы маалымдалган.

Эске сала кетсек, 28-мартта Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен катуу жер титирөө болуп, өлкөнүн бүт аймагында жана коңшу мамлекеттерде кыйроолорго алып келген. Жер титирөөнүн очогу 1,5 миллион адам жашаган өлкөнүн экинчи чоң шаары Мандалайдан 17 чакырымдай алыстыкта ​​болгон. Мындан улам бийлик 31-марттан 6-апрелге чейин улуттук аза күтүү жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: