super.kg logo
  Саясат  

Өлкө башчы саммитке катышуу үчүн Өзбекстанга барды (сүрөттөр)

 

Бүгүн, 3-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров "Борбор Азия - Европа бирлиги" саммитине катышуу үчүн Өзбекстанга иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчыны Самарканддын аэропортунан Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алган.

"Бүгүн мамлекет башчысы Европа бирлигинин президенти Антониу Кошта жана Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен менен жолугушат. Ошондой эле Садыр Жапаровдун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен расмий жолугушуусу болот", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми эртең, 4-апрелде Жапаров "Борбор Азия – Европа бирлиги" саммитине катышат жана "Борбордук Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү" эл аралык форумунда сөз сүйлөйт. Анда биргелешкен документтерди кабыл алуу күтүлүп жатканы маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: