super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештен депутаттарга кымбат унаалар берилет деген кептерге түшүндүрмө берилди

 

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы парламент депутаттарын кызматтык унаа менен камсыздоо маселеси боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматта буга чейин 20 айым депутат кызматтык унаа менен камсыздалганы, бирок алардын айдоочуларынын айлык акысы мамлекеттин эсебинен эмес, депутаттын жеке фондунан төлөнүп келгенин эске салып, калган 70 депутатты да унаа менен камсыздоо ишин так эле ушундай шартта жүргүзүү мерчемделип жатканы айтылды. Ошондой эле азырынча кайсы үлгүдөгү темир тулпар алынып келинери толук чечиле электиги кошумчаланды.

Айта кетсек, парламент бул боюнча маселени бүгүн, 3-апрелдеги жыйынында жабык эшик артында караган эле. Айрым маалымат каражаттары өз булактарына таянып эл өкүлдөрү аларга мамлекет тарабынан кызматтык унаа берүүнү жактырышканын жана депутаттар үчүн LiXiang L7 жана L9 люкс кроссоверлерин сатып алуу пландалып жатканын жазышты. Андагы маалыматтарда аталган унаалар бир жарым айдын ичинде Бишкекке келип, 90 эл өкүлүнө бөлүштүрүлүп берилери жана ар бир депутатка бирден айдоочу жалданары айтылган.

Айтылган LiXiang L7 үлгүсүндөгү кроссовер болжолдуу 42 миң доллар турса, экинчиси 54 миң доллардын тегерегинде.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы 2015-жылдын 25-ноябрындагы жыйынында кызматтык унаадан баш тартуу чечимин кабыл алган. Кызматтык унаалар айым депутаттарга гана берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: