super.kg logo

Эмдөөдөн өтпөгөн балдар мектепке кабыл алынбай турганы айтылды

 

Эмдөөдөн өтпөгөн балдар мектепке кабыл алынбайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева түз эфирде суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымына караганда, мектепке кабыл алуу толук түрдө санариптештирилип, онлайн форматта болот. Болгону медициналык маалым каттар гана кагаз түрүндө талап кылынат.

"Мектепке кабыл алуу толук түрдө санариптештирилип, балдарды каттоо автоматтык түрдө жүргүзүлүүдө. Мектепке барып каттоодон өтүү азыр жок болду, электрондук каттоодон өтүү жетиштүү. Болгону 15-августтан кийин эмдөөлөрдү алганы жана медициналык кароодон өткөнү боюнча маалым кат кагаз түрүндө талап кылынат. Эмдөө албаган бала токтом боюнча мектептерге кабыл алынбайт. Алдыда аталган медициналык маалым каттар дагы санариптештирилгенден кийин ата-энелерден сурабай калабыз", - деди Самыкбаева.

Баланы сөзсүз түрдө эмдөөдөн өткөрүү керекпи? Вакцина алган бала кандай ооруларды жуктуруудан сактанат? Кайсы куракта кандай вакцинанын түрүн алабыз? Ушул жана башка суроолорго SUPER.KG порталы дарыгерден жооп алган. Аны бул жерден окуңуз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: