Ноябрдан бери жабык турган Кында ашуусу бир тараптуу ачылды



Нарын облусунун Ат-Башы–Кында–Торугарт унаа жолундагы Кында ашуусу ачылып, бир тараптуу каттам берилди. Мындай билдирүүнү Транспорт жана коммуникациялар министрлиги таратты.
Учурда №20 Жол тейлөө ишканасы тарабынан 33-100-чакырым аралыгында кар көчкү жана кар күрткү тазалоо, жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө. Ал үчүн жеринде 1 даана жүктөгүч жана 1 даана бульдозер иштеп жатат.
Белгилей кетсек, аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу Кында ашуусу жыл сайын ноябрь айынан апрелге дейре жабык болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.