super.kg logo

Дин, мамлекеттик кызмат өкүлдөрү катышып... Бишкектеги Ататүрк сейил багына көчөттөр отургузулду

 

Бүгүн, 3-апрелде Бишкектеги Ататүрк атындагы сейил бакта Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин жана "Move Green" экологиялык коомдук уюмунун өнөктөштүгү менен көчөт отургузуу иш-чарасын өткөрдү. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, демилге 2021–2026-жылдарга карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын концепциясынын жана конфессиялар аралык кеңешинин пландарын ишке ашыруунун алкагында уюштурулган. Иш-чаранын негизги максаты шаар инфраструктурасын жакшыртуу, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, ошондой эле конфессиялар аралык диалогду күчөтүү жана коомчулуктун дин жаатындагы маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.

Аталган иш-чарага 100дөн ашуун мамлекеттик кызматкерлер жана ар түрдүү конфессиялардын өкүлдөрү катышып, жыйынтыгында сейил бакка 60тан ашык көчөт отургузулган.

"Белгилей кетсек, 2018-жылы түзүлгөн Кыргызстандын конфессиялар аралык кеңеши учурда 17 диний уюмдун өкүлдөрүн бириктирип, конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүү, диндерге урматтоо менен мамиле кылуу, толеранттуулук жана сабырдуулук принциптерин жайылтуу, ошондой эле радикалдашуунун алдын алуу максатында жыл сайын ондогон иш-чараларды өткөрүп келет", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: