super.kg logo

УКМК эл аралык трансулуттук баңгизат тобунун ишмердигине бөгөт койду

 

УКМК эл аралык трансулуттук баңгизат тобунун кылмыштуу ишмердигине бөгөт койду. Бул боюнча атайын кызмат бүгүн, 3-апрелде маалымат берди.

Такталгандай, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 44 килограмм 420 грамм синтетикалык баңгизат алынып, 7 Кыргыз жараны кармалып, 3 нарколаборатория аныкталды.

Кармалган баңгизаттардын базар баасы 266 миллион 520 миң сомду, башкача айтканда 3 миллион долларын түзөт (бул заттын 1 гр. 6000 сом).

"Синтетикалык баңги заттары чөйрөсүндөгү кылмыштарды талдоо көрсөткөндөй, бул мыйзамсыз ишке 30 жашка чейинки жаштар активдүү катышып жатышат.

Буга байланыштуу УКМК менчигинин түрүнө карабастан жарандарды жана уюмдарды баңгизатка байланышкан кылмыштардын алдын алуу максатында жаштар менен түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүгө чакырат" дешти УКМКдан.

Эске салсак, баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун мыйзамсыз сатып алуу, сактоо, ташуу, даярдоо же жөнөтүү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ылайык, мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.






03.04.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: