super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Европа кеңешинин президенти менен сүйлөшүү өткөрдү

 

Бүгүн, 3-апрелде президент Садыр Жапаров Өзбекстанга иш сапарынын алкагында Европа кеңешинин президенти Антониу Кошта менен жолугушту.

Өлкө башчынын администрациясы маалымдагандай, анда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү маселелери боюнча пикир алмашылып, гидроэнергетика жана транспорттук каттамдар жаатындагы долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын бай жаратылыш ресурстары, анын ичинде пайдалуу кендер жана кайра жаралуучу энергиянын олуттуу потенциалы европалык инвесторлор үчүн жагымдуу тармак экенин белгиледи.

"2024-жылы Кыргызстандын Европа Бирлиги менен соода жүгүртүүсү өстү. Биз келечекте эки жактуу сооданын көлөмүн мындан да көбөйтүүгө, ошондой эле Европа өлкөлөрүнө таза, нукура өндүрүмдөрдү жана сейрек кездешүүчү металлдарды экспорттоого умтулабыз", - деп баса белгиледи Жапаров.

Европа кеңешинин президенти Антониу Кошта өз кезегинде ЕБ диалогду улантууга жана туруктуу өнүгүү, соода-экономикалык өз ара аракеттешүү жана глобалдык чакырыктарга ыңгайлашуу маселелеринде Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө даярдыгын ырастады.

Ал акыркы жылдары Кыргызстан аймактык кызматташтыкты чыңдоодо олуттуу ийгиликтерди көрсөтүп жатканын өзгөчө белгилеп өттү.

"Сиздер коңшу өлкөлөр менен мамлекеттик чек араларды жакын коңшулук жана бир туугандык мүнөздө жөнгө салуу боюнча макулдашууга жетиштиңиздер. Азыркы тапта биз бардык маселелерди тынчтык жолу менен чечишибиз керек. А сиз муну абдан жакшы ишке ашырып жатасыз", - деди Кошта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: