super.kg logo

Чүй милициясы Токмоктогу окуучулардын мушташы боюнча маалымат берди

 

Чүй облустук милициясы Токмок шаарындагы №12 орто мектепте окуучулардын мушташы боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-апрелде милицияга 50 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 11:00 чамасында башка мектептин 10-11-класстын окуучулары анын 17 жаштагы уулунун И.А. денесине жаракат келтиргенин билдирген.

Бул факты Токмок ШИИБинде каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Текшерүүдө 3-апрелде саат 11:30 чамасында Токмок шаарындагы №1 гимназия-мектебинин 10-классынын окуучулары И.А., К.Р., А.А. жана Ю.М. Токмок шаарындагы №12 орто мектепте жаш жол кыймылынын инспектору сынагына катышып жаткандыгы аныкталган.

Ошол маалда жашы жете элек К.Р. менен аталган мектептин “Э” аттуу окуучусунун ортосунда сөз талаш чыгып, натыйжада №1 жана №12 мектептердин окуучуларынын ортосунда мушташ болгон. Анын кесепетинен 17 жаштагы И.А. шаардык ооруканага жаткырылган.

Учурда мушташка катышкан №12 мектептин окуучуларынын өздүгүн жана алардын кайда экендигин тактоо иштери жүрүп жатат.

Бул факты боюнча бардык зарыл соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылууда. Анын жыйынтыгы боюнча Жазык-процесстик кодексинин талаптарына ылайык тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: