super.kg logo

Маевкада таштанды ыргыткандарды көзөмөлдөө үчүн видео камералар коюлду

 

Бишкектин Маевка муниципалдык аймактык башкармалыгында белгиленбеген жерлерге таштанды таштагандарды аныктоо үчүн видеокөзөмөл камералары орнотулду. Бул тууралуу калаа мэриясы маалымдайт.

Кабарга ылайык, мындай чаралар башаламан таштанды жайларын жоюу максатында ишке ашырылууда.

Видеокөзөмөл камералары төмөнкү даректерге орнотулду:

  • Жапаров көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде;
  • Арычная көчөсү – «Жантай» мал базарынын артында;
  • Жаш Гвардия бульвары менен Школьная көчөсү кесилишкен жердеги скверде.

"Видеобайкоо курулуш жана тигүү цехтеринен чыккан таштандыларды мыйзамсыз ыргыткан жарандарды аныктоого жардам берет. Камералардын жазуулары Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясына өткөрүлүп берилет. Андан кийин эреже бузгандарга карата өлкө мыйзамдарынын негизинде тиешелүү чаралар көрүлөт" деп атылды анда.

Маалымат үчүн: Өлкөнүн Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, тиричилик таштандыларын ыргыткандыгы үчүн 5 500 сом, юридикалык жактарга үчүн 17 000 сом, өндүрүш калдыктарын ыргыткандыгы үчүн жеке жактар 7 500 сом, юридикалык жактар үчүн 23 000 сом айып салынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: